Токаевдин Бишкек сапарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Бишкек. 22-август, 2025-жыл.

22-августта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы “эки өлкө ортосунда 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө” жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюлганын билдирди.

Андан тышкары, 2030-жылга чейин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасы, эки өлкөнүн ортосундагы ташылуучу автотранспорт жана товарлар жөнүндө меморандум өңдүү документтер кабыл алынды.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстандын эң жогорку сыйлыгы – “Алтын кыран” ордени менен сыйлады.

Эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңештин жыйынында кыргыз президенти 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү маанилүү экенин айтты. Ушул тапта эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 2 млрд долларга жакын.

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн долларга жеткен. Анын 35% экспорт жана 65% импорт.

Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен 21-августта келген. (BTo)

Дагы караңыз

Казак-кыргыз соодасынын көлөмү былтыр 1,7 млрд долларга жеткенЖапаров менен Токаев тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздүБишкекте этти өкмөт бекиткен баадан кымбат саткан ишкерге айып салындыЭлчи Орусияда Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айттыЭл алган насыянын 60 пайызын турмуштук муктаждыктарга сарптаганОң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирдиКыргызстанда 27 миң мугалимге ноутбуктар берилди