Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Бишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелигин ачышты.
Композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.
Жапаров эстелик кыргыз менен казактын боордоштугунун, руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын символу болорун билдирди.
“Мухтар Ауэзов өз чыгармаларында казак талаасынын демин, эркиндикке умтулган элдин күчүн даңазалап, «Манас” эпосун жайылтууга олуттуу салым кошсо, Айтматов керемет кыргыз жергесинин асылдыгын, адамдык нарк менен ыймандын бийиктигин, аны менен кошо эки элдин тагдыры менен тарыхын дүйнөгө таанытты», - деди Жапаров эстеликти ачуу аземинде.
Коңшу мамлекеттин башчысы Токаев кыргызстандыктарга Мухтар Ауэзовдун мурасын аздектеген аяр мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштардын маанисин белгиледи.
22-августта Бишкекте эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.
Казакстандын лидери Бишкекке расмий сапар менен 21-августта келген.