Чүйдүн Орто-Арык айылында тоодон чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Августтун башында Бишкек шаарынын Орок айылында кырдагы көрүстөндөн да куураган чөптөн улам өрт тутанган.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылынын тоосунда 17-августта куураган чөп күйүп, өрт тутанган.

Өрттү өчүрүү иштери ошол убактан бери үзгүлтүксүз уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 22-августта тоодогу өрттү өчүрүү иштерине Панфилов райондук өзгөчө кыраалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу тартылды. Нөөмөттө токой чарба кызматкерлери да иштеп жатат.

ӨКМдин Жайыл, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар, Токой кызматынын кызматкерлери да жардам берүүдө.

Орто-Арык айылынын жогору жагындагы тоодон августтун башында да өрт чыгып, бир нече күндөн кийин өчүрүлгөн. Августтун башында Бишкек шаарынын Орок айылында кырдагы көрүстөндөн да куураган чөптөн улам өрт тутанган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.