Өткөн кылымда элеттеги чоң ата – чоң апалар “Орозо” деп эркелетип айтып жүргөн, ушул кылымда элибиздин чыгаан мамлекеттик ишмери катары демократиялуу Кыргызстанды түптөө демилгесине түздөн-түз жетекчилик кылган инсан – Роза Исак кызы Отунбаева.
Айрымдар Роза Отунбаеваны “бүгүнкүнүн Каныкейи, бүгүнкүнүн Курманжаны” деп коюшат, менимче, ал – бүгүнкүнүн Розасы, себеби ал заманбап кыргыз саясатчы айымдарынын өкүлү катары таптакыр жаңы серени жаратты.
Анын 2010–2011-жылдардагы президенттик бийлиги өтө аз учурду камтыды, бирок дал ушул аз убакыт элдик ыңкылаптын шарапаты менен келчү бийлик кандай болушу керектигин кылымдарга сабак кылчу өзгөчө күжүлдөгөн жигердүү кезең болду. Отунбаеванын бийлиги маалында сырткаркы империячыл күчтөр кыйла чаканыраак жумуриятыбызды ыдыратууга далаалат жасашты. (Баягы 2010-жылдын июнунда Ошто кармалып, кийин тымызын “абага бууланып” кеткен десантчынын окуясы, балким, дагы 50 жылдан кийин гана архивдик жашыруун даректердин негизинде калкып чыгаар. Буга төмөндө да учкай кайрылабыз).
Айтор, атажуртубуз дал ошол аз гана жерден калайманга түшүп калаар чакта, башын бийик көтөрүп жана ар тараптуу реформаларды сабаттуу жүргүзүү аркылуу демократиялуу Кыргызстанды эл аралык коомчулукка абройлуу өлкө катары тааныта алган, Батыш менен Чыгышты көп нуктуу дипломатиялык саясаты менен ынандыра алган кеменгер саясатчы Роза Отунбаева убактылуу болсо да мамлекеттик бийликти жетектеп калгандыгы – Кыргыз Республикасынын калкынын, өлкөбүздүн жарандык коомунун эң башкы утушу болгон экен. Ошол кездеги саясатчыларды салыштырып калчап көрүп, дал ушул жеке бүтүмүмдү 15 жылдан кийин дагы бир ирет баса айтып отурамын.
Албетте, бүгүн кыргыз улутунун башка да чыгаан кыздары бар. Коомдук ишмерлердин арасында Чынар Жакыпова, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Жылдыз Жолдошева, Аида Салянова, Элмира Ногойбаева сыяктуу кыздарыбыз бар, укук коргоочулардан Төлөйкан Исмаилова, Бүбүсара Рыскулова, Азиза Абдирасулова, Атыр Абдракматова жана башкалар, ишкерликте Жаңылсынзат Турганбаева, Нуржан Тентимишова, Айнура Сагынбаева жана башкалар, журналистикада Замира Сыдыкова, Аскер Сакыбаева, Лейла Саралаева, Динара Суймалиева, Венера Сагындык кызы, Махабат Тажибек кызы, Гүлнара Касмамбетова жана башка көп сандаган айымдар, илимде Асел Сартбаева, Аида Кубатова, Гүлзада Абдалиева сыяктуу, спортто Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Валентина Шевченко сыяктуу, андан тышкары көркөм адабият, театр, кино жана башка тармактарда канчалаган жылдыз айымдарыбыз бар!
Дагы караңыз Отунбаева: Акыркы демибиз калганча прогрессивдүү коом курууга умтула беребизАдатта, кыргыздар өз өтмүшүбүздү өзгөчө кастарлайбыз, айрым окуяларды жомокко айлантабыз, айрым өңүттөрдү санжыраларга кошобуз, айрым азыр эле дилден чыккан ырларды тээ өтмүштө ырдалчу экен, деп айтып (мен мында урматтуу Шакебиздин “Кет Букага” шылтаган ырларын азил катары эскертип жатам), айтор, урпактарды ойготууга аракет кылабыз. Ошол эле мезгилде арабызда жашап жаткан айрым чыгаандар жөнүндө учурунда жакшы баа берүүгө сараңдык кылып кетебиз. Өзгөчө алганда, кыздарыбыз жөнүндө айтканда тим эле кызганычыбыз асмандап кетет. “Аял эч качан түндүк көтөргөн эмес” деген шылтоо менен керек болсо айымдын жалпылама айкелин алып таштайбыз.
Ошол эле учурда Манаска жана анын чоролоруна ок өтпөс соотторду аялдары тиккенин, улуу ат чабышта маркум хан Манастын жесири, теги – Букар ханынын кызы Каныкейдин Тайторуну чаап, мөрөйгө жетип, кыргыз эли үчүн намыска жарап бергенин, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкалдын баяндарын ара-чолодо ырга кошобуз.
Өрнөктүү ишмердиги нагыз факттар аркылуу ар тараптуу талданышы керек болгон жана жомоктогу эмес, азыркы болумдагы чыгаан айымдарыбыздын бири – дал ушул Роза Исак кызы Отунбаева.
Дагы караңыз Роза ОтунбаеваЭми 1953-жылы 23-августта Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген Роза Исак кызынын (аны шакирттери анын өзү жокто ысымын тез айтуу үчүн “РИО” деп коюшчу; бул – аны эркелеткен каймана аттардын бири деп санайм) өмүр таржымакалынын жогоруда учкай айтылгандан тышкаркы айрым гана урунттуу жактарына жана башка өңүттөргө токтолуп кеткибиз келет.
Роза Отунбаева Кыргызстандагы Ош, Нарын, Бишкек сыяктуу шаарларда окуган. 1972-жылы ал Маскөө мамлекеттик университетин философия адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 1975-жылы Маскөөдө германдык Франкфурт философиялык мектебинин илимий жоболорун талдаган диссертациясын марксист катары жактап, философия илимдеринин кандидаты болуп калган. Ооба, алгач ал марксист болгон. Бирок анын изилдеген темасы өзү үчүн марксизмге карата күдүк жаратчу “опурталдуу” көйгөйгө арналган эле.
Роза Исак кызы 1975-жылы Бишкекке кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) окутуучу, доцент, кафедра башчы болуп иштеген (анын философия жаатындагы дарстарын студент кезибизде угуп калдык). Ал Бишкекке жаңы кайткан кезде улутчул айдың, профессор Салмоорбек Табышалиев КМУда (азыркы КУУда) ректор болчу.
1981-жылдан соң КПССтин жергиликтүү жетекчилик кызматтарында жүрүп, советтик тоталитардык кезеңдин бийлик сырларын да ичтен өздөштүргөн. Ал эми горбачёвдук “Кайра куруулар” доорунда Роза эжеке да акырындап либерал-демократиялык агымга оогон, деп санайбыз.
Ал Кыргыз дипломатиясына дал ошол “Кайра куруулар” доорунда келди. 1986—1989-жылдары Роза Отунбаева Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон. Албетте, аты – министрлик, бирок заты боюнча Маскөөнүн уруксаты жок өз алдынча эч кандай чечим чыгарбаган, “жөтөлө да албаган” мекеме болсо да, дал ушул мекемеден ары ЮНЕСКОго кетип, оболу 1989—1991-жылдары СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын жооптуу катчысы, ал эми 1990—1991-жылдары болсо СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын төрагасы боолуп иштеген. Ал кыргыз, орус, немис жана англис тилдерин мыкты билет. Демек, бул жагынан кесипкөй дипломат.
Дагы караңыз Роза Отунбаева: Эл өз жолун эркин тандасынЭгемен Кыргызстандын алгачкы президенти А.Акаев, албетте, Роза Отунбаеванын дипломат катары тажрыйбасын ырааттуу колдонду.
1992-жылы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри – тышкы иштер министри болуп дайындалган, ал эми ошол эле жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси кызматына киришкен. Ошол кезде Роза эже ыраматылык Азамат Алтай менен байма-бай жолуккандыгы маалым.
1994-жылдын майында Роза Отунбаева атажуртуна кайтып, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматын аркалап калган. 1997-жылы ал бул кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.
1997-жылдан тартып ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматын аркалап турду. Ошондо ал Лондон жана Кэмбриж шаарларында залкар жазуучу жана коомдук ишмерибиз Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдык мааракесине арналган чараларды өткөргөнүнө күбө болдук.
Роза Исак кызы элчи кезинде жазуучу Султан Раев, кол өнөрчү Жумагул Ташиев сыяктуу адабиятчылардын, жазуучулардын жана башка өнөрпоздордун, андан тышкары кыргызстандык согуш ардагерлеринин жана башка айдыңдардын Улуу Британияга сапарын уюштурган. Албетте, ал кишилер “Британ өкмөтү же каныша мени өздөрү эле билип алып, салтанаттуу түрдө чакырышпадыбы!” деп санашы деле мүмкүндүр, бирок көрүнбөгөн кара жумушту дал ушул Кыргыз элчилиги жүзөгө ашырып турганы, элдердин данакери болгону анык.
Ал манас таануучу, эпос таануучу Артур Хатто (Arthur Thomas Hatto; 1910–2010), кийиз, шырдак өнөрүн иликтеген этнограф Стефани Банн (Stephanie Bunn) айым сыяктуу британдык кыргыз таануучулар, француз Реми Дор (Rémy Dor), кытайлык Мухаммед Ху Чжэнхуа сыяктуу кыргыз таануучулар менен да байланышып турганы маалым.
Дагы караңыз Отунбаева: Саясий тазалануу жүрүп жатат2002-жылдын майынан тартып 2004-жылга чейин Роза Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын Грузиядагы Абхазия аймагына байланыштуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болуп иштеди. Ал 2003-жылдын ноябрындагы Грузиядагы жеңиштүү элдик ыңкылаптын күбөсү болду.
Роза Исак кызы 2004-жылы сентябрда, Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында атажуртуна кайтып келген. Ал өлкөдөгү «Ата-Журт» демократиячыл оппозициялык кыймылын түзүүгө катышты. Кыймылдын лидерлери болуп кыргыз парламентинин ошол кездеги депутаты, даңазалуу кинорежиссёр жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана Роза Отунбаева шайланган.
Албетте, акаевдик режим РИОну өзгөчө өгөйлөгөнүнүн түпкү себептери түшүнүктүү. Ачыгын айтсак, 2003-жылдагы грузиндик ыңкылап КМШдагы эч бир авторитардык төбөлгө жакпайт эле, бирок мындай төбөлдөр бийлик ордун атаандаш шайлоо аркылуу мыйзамдуу түрдө бошотуп берүүдөн да жаа бою качышат, шайлоолорду өз пайдасына бурмалашат жана Баш мыйзамды өздөрүнө ылайыктап өзгөртүшөт эмеспи (алардын тескерисинче, 2011-жылы РИО өз ордун мыйзамдуу түрдө бошотуп берген борбордук азиялык алгачкы мамлекет башчы болуп калды). Айтмакчы, тээ 1995-жылы эле Кыргызстандагы президенттик шайлоодо маркум А.Масалиев жеңип чыкмак экен, ага берилген добуштар массалык бурмаланган, деген шек алигиче айтылып келет.
Айтор, тарыхый окуялардын закымдап учкан агымынан айгинеленгендей, Роза Отунбаева 2005-жылдагы акаевдик режимге каршы элдик ыңкылапка да, 2010-жылдагы бакиевдик режимге каршы элдик ыңкылапка да негизги уюштуруучулардын бири катары жигердүү катышкан.
Бакиевдик режимди сындап жүрүп, кайрадан өзү үчүн ыңгайлуу авторитардык тартипти акырындап орнотууга умтулган жана президенттикти чыңдаган конституциялык реформа да өткөргөн президент А.Атамбаевдин мурдагы президент Роза Отунбаеваны жаман көрө баштагандыгы да саясий табиттеги демократиялык башкаруу маселеси жаатындагы чыныгы айырмачылыктардан улам го, деп түкшүмөл кылам. Эгерде А.Атамбаев “Путин–Медведев бийлик оюну” азгырыгына илинбестен (өзү үчүн досу С.Жээнбековду “Медведев” сыяктуу тактеке ролду аткартуу үчүн президенттикке түртпөсө), 2017-жылдагы президенттик шайлоону бурмалоосуз өткөрсө, С.Жапаров, Ө.Текебаев сыяктуу өз оппоненттерин камакка албаса же куугунтуктабаса, эркин басма сөзгө чабуул жасабаса, анда, албетте, А.Атамбаев деле азыр бозгунда болбостон, жылуу-жумшак төрдө олтурмак, б.а. Роза Отунбаеванын реформасын үзүрдүү уланткан болмок.
Айтмакчы, азыркы тапта да Роза Отунбаев эжекени калпыс сынга алып, “ал – убактылуу гана президент болгон”, “анын айынан түштүктө жаңжал чыккан” деген сыяктуу эч далилсиз жана жалган жаманатты сөздөрдү көзүм чала калган учурларым болду. Бул жарабаган айың сөздөрдү (нарративдерди) бакиевчил жана путинчил чөйрөлөр да таркатып келишкен. “Атаганат, кыргыз болгон соң, Абыке-Көбөш менен биригип жалпы элбиз да!” деп гана ичтен тынбастан, мындай жалган кептерди дароо далил аркылуу четке кагуу керектигин да айткыбыз келет.
Айтмакчы, 2010-жылдын июнундагы кыйчалыш кезеңде Өзбекстандын ошол таптагы президенти Ислам Каримов (албетте, аны авторитардык саясий башкаруу ыкмасы үчүн далай ирет сындаган элек) өзгөчө калыс кеп айтып, “Ош окуяларын” сырткаркы күчтөр уюштургандыгын таасын билдирген.
Дагы караңыз Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептеймЭгерде ошол кезеңде айрым оозуна алы жетпегендердин тилине кирип, И.Каримов он чакты эле жоокерин Кыргызстанга каршы аттандырган болчу болсо, анда тээ түндүктөгү айрым империячыл күчтөр бийлеген өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстанга болушумуш этип, Кыргызстандын аймагын “жаңы Донбасска” (Чыгыш Украинадагы Донбасстан мурда, Абхазия менен Түштүк Осетиядан кийин) айлантышы ыктымал болчу. Муну И.Каримов кеменгердик менен байкаган (анда да калыс сыпатталган чалгын маалыматтары арбын болсо керек) жана РИО жетектеген Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштырган өтө маанилүү конституциялык референдумду жүргүзүүгө кедерги тийгизген эмес.
Эми бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселелерин толук чечип алышты; алардын жарандары бул боордош өлкөлөргө өз ара катташканда ички өлкөлүк кимдигин (Ай-Ди картасын) көрсөтүп эле эркин өтүп жатышат. Дал ушундай өз ара ишенимди кайра калыптандырууга РИО менен И.Каримовдун да зор салымдары болгон.
(Ал эми орус тилдүү десанттын окуясы боюнча жогортодон эскере кеттик. Ошол кездеги Орусиянын президенти Д.Медведев Оштогу болжолдуу окуялардын өз ордунан жыла элек арабасынан да эртерээк алдыга чуркап чыгып: “Кыргызстан бирдиктүү өлкө болбой калбадыбы!” деп жалган жерден кейимиш этип сүйлөп жаткан чакта, баягы ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго жикчиликке барууга курулай үндөгөн кезеңде, бардык түрк тилдүү эгемен мамлекеттер жана башка өнөктөштөр Кыргызстандын бирдиктүү мамлекет катары сакталышы үчүн Роза Отунбаева жасаган иш-аракетти ырааттуу колдоп беришкен.
Баса, Кытай да Кыргызстандын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн жана Отунбаеванын өкмөтүн колдогон таасирдүү коңшу болуп, ошол дүрбөлөңдүү маалда өз чек арасын эч жапкан жок.
15 жылдан соң эми Медведевдердин алиги жоругун мындайча аңдоого болот: алар Грузия менен Украинадан кийин 2005-жылдан тартып элдик ыңкылаптар жолу аркылуу жемкор режимдерди аттан оодарган окуялардын илеби Орусияга да “жукпаса экен” деп сестенишкен. Алар 2010-жылдагы Бишкектеги Убактылуу өкмөттү ээрден оодарууну самашкан, бирок тилектерин таш капкан.
2014-жылы путиндик режим Украинага каршы чыгыштан кол салгандагы чыныгы себеп да эгемен коңшу өлкөнүн ыңкылапчыл болуп жаткан элин орто кылымдык ыкма менен сырттан кийлигишип “жазалоо” болгон.
Стрелков-Гиркин сыяктуу ФСБнын желдеттери Донбасста уюштурган бузуку иштерди путинчилер оболу “жикчил чыгыш украиналыктарга” шылтап жүрүштү (ага болбой, ошол эле Стрелков-Гиркиндер “эгерде биз минтип курал-жарактуу топторду Украинанын түндүк-чыгышына киргизип салбасак, анда расмий Киев жикчил делгендердин жүдөмүш чыгууларын эчак басып коймок” деп “агынан жарылып” айтып да, жазып да мактанып келишти; ошол 2014-жылы Донбасска чейин тымызын кирип барган орусиялык карапайым жоокерлер интернеттеги коомдук тармактар аркылуу жакындарына же досторуна жөнөткөн видео тасмалар жана фотолор да путиндик баскынчылардын өздөрүнө “айгак” болду; анысы аз келгенсип, 2014-жылы февралда Кырымга түшүрүлгөн эч бир чин белгиси жок автоматчан “жашыл кийимчен жоокерлер” кимдер экенин алгач “билбейт экенмин” деп танган президент В.Путиндин өзү бир ай өтүп-өтпөстөн, бул бир нече миңдеген жоокерлерди Кырымга өзү аттандырганын мактанып айтып чыкканы жадыбыздан чыга элек).
Айтмакчы, расмий Бишкек азыркы тапта дагы Кырымды жана Донбассты Украинага таандык аймак катары тааныйт. Бул жаатта коңшу Казакстандын президенти К-Ж.К.Токаев да өз турумун таасын билдирип, Донбасстагы “мамлекет чалыштарды” эч качан тааныбай тургандыгын В.Путиндин көзүнчө айтканы бар.
Путиндик режим 2022-жылдын 24-февралдында өз баскынчыл жүзүн биротоло ашкереледи. Ал эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү “кыска мөөнөттүк” деп өзү болжогон согушту ошондон бери дээрлик майнапсыз улантып келет. Албетте, Кремлдеги бул режимди анын запкысын тартып жаткан орусиялык көп этностуу эл менен чаташтырбоо керек.
Дагы караңыз Роза Отунбаева: Бийликтен кеткенди билиш керекРоза Исак кызы демократиялуу Кыргызстанды Маскөөгө качкан мурдагы президент А.Акаевге башпаана берген бул режимден аман-эсен сактап чыга алган акылман мамлекет башчы катары кийинки урпактар тарабынан даңазаланат, деп ишенем.
Албетте, тарыхта “эгерде” сөзү айтылбайт. Бирок тек гана жөнөкөй калемгер катары пикир билдирсем, эгерде 2010-жылдагы конституциялык референдумду сунуштагандардын арасында болгон эркектана саясатчылар Роза Отунбаеванын жолун байлаган, аны 2011-жылы шайлоого кайра бардыртпаган мунаса камтылган конституциялык чектөөнү Баш мыйзам менен кошо референдумга киргизишпеген болсо (балким, алардын ар кимиси өзү үчүн буюрбай калган кийинки атамбаевдик “президенттик чепкенди” өзүнө даярдагысы келгендир), эгерде Отунбаева 2011-жылдан кийин дагы бир толук мөөнөткө президент болуп шайланган болсо, анда Садыр Жапаров деле, кийин А.Атамбаев деле абакка камалмак эмес; өлкөдө саясий плюрализм гүлдөмөк; Кыргызстан эч кандай Бажы биримдигине кирбестен, Өзбекстан сыяктуу эле алда канча нейтралдуу жана натыйжалуу эл аралык экономикалык жана соодалык саясатты үзүрдүү жүргүзмөк; ал эми “Газпром” Кыргызстанда тымызын монополист болуп калмак эмес...
Эми бул “эгерде” сөзү бизге даамыбызга туз болуп бербейт деңизчи, бирок ал Кыргызстан өзү үчүн оңтойлуу атаандаш жолдон тайый түшкөн учурларга сергек көз менен сереп салуубузга огожо болот ко, деп ойлойбуз.
Роза Отунбаева эң жогорку бийлик тепкичинен кеткенден кийин дагы кадыр-барктуу жол таап, элге, коомго кызмат кыла берүүнүн башка да миңдеген мүмкүнчүлүктөрү бар экенин Кыргызстандын саясий турмушунда өз өмүрү жана айдыңдык ишмердиги менен далилдеп келет. Мындай айдыңдык жаратмандык өрнөктү даңазалуу британ премьер-министри Уинстон Черчилл (Winston Churchill; 1874–1965) да кызматтан кеткен соң көрсөткөн. Бул өңүт дагы – саясаттагы урпактар үчүн узун сабак.
Урматтуу Роза Исак кызын мааракеси менен ак дилден куттуктайбыз.
Редакциядан: Блогдун авторунун пикирин сөзсүз эле редакциянын туруму катары кабылдоого болбой турганын эскертебиз.