Акыйкатчы институту атасынан кордук көргөнүн айткан уул-келиндин окуясын көзөмөлдөйт

Иллюстрация

Кыргызстандын Акыйкатчы институту коомчулуктун үрөйүн учурган окуяны өз көзөмөлүнө аларын билдирди. 20 жаштагы келин кайын атасы бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылган. Анын күйөөсү дагы өз атасынын зомбулугуна туш болгонун айтып жатат.

Түгөйлөр кордуктун айынан үч айлык наристесинен да ажырап калганын билдирүүдө.

“Акыйкатчы алардын кабыл алган күндөн тарта эле иш жүргүзө баштадык. Биринчиден, биз бекер юридикалык жардам берип жатабыз. Азыр тергөө жүрүп жатат, бирок психологиялык, медициналык жардам керек. Саламаттык сактоо министрилигине чыгып, кызга ыкчам жардам бердик”, - деди "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун эксперти Чынара Белекова.

Милиция "зордуктоо" тууралуу арыз Ленин райондук бөлүмүнө июлдун соңунда гана түшкөнүн ырастады. 16-августта жигиттин атасы кылмышка шектүү катары кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ленин райондук милициясы шектүү жаран "пара берүү" боюнча дагы кылмыш ишине кириптер болгонун билдирген.

"16-августта көрсөтмө берүү маалында шектүү 1974-жылы туулган И.А. аттуу жаран, ишти токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине 50 миң сом пара берүүгө аракет кылган. Бул аракет катталып, И. А. Ленин РИИБдин кызмат бөлмөсүндө пара берип жаткан учурунда кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүнүн жакындары комментарий бере элек.