Израилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар

Израилдин аба чабуулунан Хан Юнис шаарындагы оорукана жабыркап, өлгөндөр арасында журналисттер бар экени кабарланды. 25-август, 2025-жыл.

25-август күнү Газанын түштүк тарабындагы ооруканага тийген ракетадан кеминде 20 киши набыт болду, арасында ар башка медиа уюмда иштеген беш журналист да бар. Бутага алынган Насер ооруканасынан кабарлангандай, бул күнкү чабуулдан Ал-Жазира телеканалынын оператору Мохаммад Салама, Рейтер агенттигинин штаттан тышкаркы кабарчысы Хусам Аль-Масри жана Ассошиэйтед Пресс агенттигине иштеген Мариям Абу Дагга каза тапты. Газанын Жарандык коргонуу коомдук уюму өлгөндөр арасында дагы эки эркин журналист, бул уюмдун өкүлү да болгонун билдирди.

Биринчи ракета Насер Медициналык комплексинин 4-кабатына тийсе, андан көп узабай экинчи сокку короого кирип келген тез жардам машинеси менен анын жанында турган куткаруучуларды бутага алган.

Египет менен Катардык ортомчулардын аракети артында Батышта террордук деп таанылган "Хамас" уюму ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүү баштоого макул болгонуна бир жумага чукулдап калса да, Израилдин премьери Беньямин Нетаньяху өз чечимин айта элек. Ал 60 күндүк ок атууну токтотуу келишимине палестин тарап барымтага алган бардык туткундар бошотулуп, Израилдин коопсуздук периметри боюнча талаптары аткарылганда макул болорун билдирген.