Кой-Таш иши: Атамбаев менен Шадиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү

Алмазбек Атамбаев. Архив.

Бишкек шаардык сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар жазага тартылган Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланып жатат. 25-августта судья Лейла Байдаева Алмазбек Атамбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп, убактылуу токтотту. Эки айыпталуучу тең азыр Кыргызстанда эмес. Соттук жараян 28-августта уланат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген. Ал эми Аскарбек Шадиевге 15 жыл алты ай жаза берилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу жемкорлук, “Терек” сурма кениндеги коррупция иштерине айыпталган. ЖЭБ ишине байланыштуу Аскарбек Шадиевге да айып коюлган.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Аскарбек Шадиев 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ал ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

2018-жылдын 25-декабрында аны сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Маданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголдуСот Карасартованын ишин жабык кароо чечимин чыгарганы белгилүү болдуОрусияда догдурларды полиси жок мигранттар тууралуу билдирип турууга милдеттендирген мыйзам сунушталдыУкраина Донецк облусундагы бир нече айыл орус армиясынан бошотулганын билдирдиИзраилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар