Өзгөндө мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калды

Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Өзгөн шаарынын Таштак тилкесинде эки кабаттуу мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калганын билдирди. Өрттүн себеби такталууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Израилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар Сот Карасартованын ишин жабык кароо чечимин чыгарганы белгилүү болдуМаданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголдуКой-Таш иши: Атамбаев менен Шадиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндүОрусияда догдурларды полиси жок мигранттар тууралуу билдирип турууга милдеттендирген мыйзам сунушталдыУкраина Донецк облусундагы бир нече айыл орус армиясынан бошотулганын билдирди