Кыргызстандан 922 чет элдик жаран депортация болду

Кыргызстанда тигүү цехинде иштеп жаткан мигрант. Архив.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясовдун маалыматында, президенттин 22-майда чыккан №164 жарлыгына ылайык, өлкө аймагында жүргөн, иштеп жаткан чет элдик жарандардын документтери, ишке уруксат кагазынын бар же жогун аныктоо иштери жүргөн.

Анын жыйынтыгында 10-июндан ушул күнгө чейин Кыргызстандан 922 чет элдик депортацияланды.

240 чет элдик жаран депортациясын күтүп, мурдагы "Ганси" борборунун аймагында кармалып турат. Алардын 157и Бангладештин, 80и Пакистандын, экөө Индиянын жана дагы бирөө Египеттин жараны.

"Булар Кыргызстандан кетердин алдында "чыгуу визасын" алышы керек, анткени алар Кыргызстанда көп убакыт мыйзамсыз, эч кандай уруксат документтери жок жүргөн. Азыр алардын тиешелүү документтери жөнгө салынып жатат, бүтөрү менен өз өлкөлөрүнө чыгарылат. Бул иштер дагы уланат", - деп билдирди Алиясов.

Президенттин №164 жарлыгынын негизинде 9 миңден ашуун чет элдик жаран өз укугун мыйзамдаштырган. Бул легалдаштыруунун алкагында мамлекеттик бюджет 460 млн сомго толукталган.

Президент Садыр Жапаров 22-майда “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын жөнгө салуу чаралары жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлык, белгиленген шарттар аткарылган учурда, миграциялык эрежелерди бузган чет өлкөлүктөрдү жоопкерчиликтен убактылуу бошотуу жана алардын макамын мыйзамдаштыруу максатын көздөйт.

Жарлыкка ылайык, өлкө аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2025-жылдын 22-майынан 10-июнунa чейин өз макамын мыйзамдаштырган.

Азыркы күндө Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандардын көбү куруу жана тигүү тармагында эмгектенет. Мамлекеттен өлкө аймагында иштөөгө квота алгандардын саны 36 миң. Алардын 15 миңи Кытайдын, 3800 Пакистандын, калганы Түркия, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүн жарандары.

Өкмөттүн тиешелүү тескемесине ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга 42 миң квота берилген. 2024-жылы Кыргызстанга келип иштейм деген чет элдиктерге 25 миң квота бекитилген. (KS)

Дагы караңыз

Маданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголдуУкраин бийлигинин өкүлү Орусия тынчтыкка кызыкдар эмес экенин билдирдиМаданият министрлиги прокуратура козгогон иш боюнча комментарий берди