Шейшембиге караган түнү Орусия Украинадагы ар башка аймактарга 59 дрон учурду, көпчүлүгү асманда жок кылынды, 12си өз максатына жетти, - деп айтылат расмий Киев тараткан билдирүүдө.
Орусиянын Коргоо министрлиги түнкүсүн 15 региондо украиндердин 43 учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн маалымдады, канчасы бутага тийгени айтылган жок.
Донецк облусунда эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү жердеги салгылаштарын улантууда. 25-августта Украинанын коргоо министри Александр Сырский Доброполье тарапта орус армиясынын алдыга жылуусу токтотулганын, бир нече кыштак бошотулганын маалымдаган. Москва урушта айрым тактикалык жылыштар болуп жатканын билдирет.
Мурунку күнү украин президенти Владимир Зеленский Германиядан абадан коргонуучу "Пэтриот" системасынан дагы экини сатып алуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.