Рейтер, Ассошиэйтед Пресс агенттиктери биргелешкен кайрылуу жасап, Израилден 25-августта Газада иштеп жүрүп каза тапкан беш журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылышты. "Беш журналист эл аралык мыйзамдар тарабынан корголгон ооруканада иштеп жатып өлгөнү акылга сыйбаган окуя болду", - деп жазылган Израил бийликтерине жолдонгон кайрылууда.
Дүйшөмбү күнү Газанын түштүк тарабындагы Насер медициналык комплексине атылган ракетадан ал жерде иштеп жаткан медиктер, чукул жардам көргөзүү кызматкерлери, жай тургундар, журналисттер болуп кеминде 20 киши набыт болгон.
Беш журналист "Ал-Жазира" телеканалы, Рейтер, Ассошиэйтед Пресс жана башка медиа уюмдарга иштеген кабарчылар болгон. Израилдин премьери Беньямин Нетаньяху окуяны "кайгылуу калпыстык" деп мүнөздөп, аскердик жетекчиликке тергөө жүргүзүүнү тапшырганын кошумчалады.
Шейшембиде Израилдин Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулаары белгиленген. Журналисттер коргоо боюнча Эл аралык комитет билдиргендей, 2023-жылдын октябрь айында тутанган Жакынкы Чыгыштагы уруштар 190дон ашуун журналисттин өмүрүн алды.