Татарстандын президенти Рустам Минниханов 22-августтагы өкмөт жыйынында мигранттардын балдарын орус тилин жетиштүү билбегени үчүн окуу жайларына алууга тыюу салган чечимди "акылсыз кадам" деп айыптап, адатта балдар орус тилин бир нече айда өздөштүрүп кетээрин белгиледи.
Орусияда мигранттар абдан зарыл жумушчу күч экенин айткан Минниханов Татарстанда алардын балдарына орус тилин үйрөтө турган атайын класстарды ачууга буйрук берди.
Расмий маалыматка ылайык, Татарстанда азыр мигранттардын 3000дей балдары билим алып жатышат. Орусияда апрелде кабыл алынган мыйзам боюнча, мигранттардын балдары мектепке кириш үчүн орус тилинен экзамен берип, мыйзамдуу жашап жатканы тууралуу документтерди көргөзүшү керек. Жергиликтүү маалымат каражаттары орточо эсеп менен мигранттардын он баласынын бири орус тилинен экзаменден өтпөй калып жатканын, бул мыйзамга чейин деле мындай балдарды мектепке киргизүү чоң бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп келгенин жазышкан.