Кеген аркылуу Кыргызстан менен Казакстан ортосунда автобустук каттам жанданат

Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары ачылат.

Бул тууралуу кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүндө кабыл алынган.

Бул каттам жыл бою иштейт. Учурда эки өлкөнүн Транспорт министрликтери каттамды уюштуруу боюнча иш алып барып жатат.

Алагөзов 25-августтан тартып “Каркыра-унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштаганын да кошумчалады.

Алматыдан Караколго Кеген аркылуу автобус каттамы эгемендик жылдарында иштебей калган.

Дагы караңыз

Казакстанда сот атомдук станциянын курулушуна каршы чыккан беш активистти төрт жылга түрмөгө кестиТатарстандын президенти мигранттардын балдарын окутууну чектеген чечимди айыптады Кыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдү