Казакстанда сот атомдук станциянын курулушуна каршы чыккан беш активистти төрт жылга түрмөгө кести

Алматыдагы сотто атомдук станция курууга каршы чыккан активисттерге өкүм чыкты. 26-август, 2025-жыл.

Алматыда сот алгачкы атомдук электрстанция куруу маселеси референдумга коюлар алдында кармалган беш активисттин ар бирин төрт жылга эркинен ажыратты. Алар "массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганы үчүн" айыпталган.

56 жаштагы Айдар Мубараков, 66 жаштагы Нурлан Жауылбаев, 64 жаштагы Фазылжан Сыдыков, 55 жаштагы Нурлан Темиргалиев жана 67 жаштагы Жанат Казакбай күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сот аларга беш жылга чейин коомдук иштерге аралашып, партия түзүүгө тыюу салды. Былтыр 6-октябрга белгиленген атомдук станция куруу боюнча референдум алдында кармалган беш активистке "элди көчөгө чыгууга үгүттөп, курал-жарак колдонуп, мүлктөрдү өрттөп жардырууга камданган" деген айыптар угузулган.

Активисттер Казакстанда атомдук станция курууга каршы чыгышканын моюнга алып, башаламандык, өрт коюу жана башка мыйзамсыз иштерди пландабаганын айтышкан. Адвокаттары сотто бул айыптоолорго эч кандай далил келтирилбегенин кайталап келатышат.