Садыр Жапаров үч жылда “Кумтөрдүн” кирешеси 3 млрд доллардан ашканын айтты

Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ишканасында. Архив.

Президент Садыр Жапаров 27-августта “Кумтөр Голд Компани” ишканасы кенден жер астынан алтын казуу долбоорун баштаганын билдирди. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, 1600 метрдей жер көзөлүп, тунель жасалды. Эми курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудалар алынат.

Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Садыр Жапаров Кумтөрдө мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен да алтын өндүрүлө берерин кошумчалап, кен мамлекетке өткөн үч жылда түшкөн пайда тууралуу маалымат берди.

“Ишкананын 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 миллиард 445 миллион долларды түздү. Мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөндү. Дээрлик 1 миллиард доллар. Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү. Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону бизге 100 миллион доллар беришсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алдык”, - деди ал.

Садыр Жапаров Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетип, 100 тоннадан ашык алтынды ылгап алуу, Тоголок кенин иштетүү долбоорлору боюнча да айтты.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат. (BTo)

Дагы караңыз

Министр Кендирбаева “Сейтек STEM” мурдагыдай эле иштей берерин айттыТрамп Украинада тынчтык орнобосо, Орусияга катаал санкциялар киргизилерин кайталады Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттерди издөө токтотулдуМедиа уюмдар Газада беш журналист өлтүрүлгөнү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылыштыКой-Таш иши: Атамбаев менен Шадиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү