Юстиция министри, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси Аяз Баетов Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып адамдын майыптуулугун тастыктоо документинин мөөнөтү узартыларын билдирди.
Анын сөзү боюнча, 1-сентябрдан баштап эми I топтогу майыптуулугу бар адам Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынан (МСЭК) өткөндөн кийин документи жети, II топтогунуку төрт жана III топтогу майыптуулугу барлардыкы эки жылга чейин жарактуу болот.
Мындай чечим Юстиция министрлиги, Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен биргеликте даярдаган мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын алкагында кабыл алынды.
Кыргызстанда 200 миңден ашык майыптуулугу бар адам бар. Жыл сайын миңдеген жарандар документ чогултуп, кезекте туруп, медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө мажбур болчу. (BTo)