"Театр жылдызы, жакшы адам кетти..." Руслан Курманалиев калтырган из

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

53 жашында бөөдө кырсыктан каза болгон актер Руслан Курманалиевдин сөөгү 25-августта жерге берилди. Ал 35 жылга жакын чыгармачылык менен алек болуп, театр жана кинодо 80ге жакын роль жараткан. Маркум Руслан Курманалиев акыркы сапарга Ак-Ордо конушундагы үйүнөн узатылды.