Украин дрондору Орусиянын мунай ишканаларына чабуул коюшту

Самара облусунда Куйбышев атындагы мунай иштетүүчү ишканада дрон чабуулунан кийин өрт чыкты. 28-август, 2025-жыл.

Бейшембиге караган түнү украин дрондору Орусиядагы эки мунай иштетүүчү заводду жана Волгограддагы темир жол түйүнүн бутага алышты. Кабарларга караганда, чабуулдардан кийин Краснодар крайында жана Самара облусунда мунай иштетүүчү ишканаларда өрт тутанды.

Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров жергиликтүү темир жол түйүнүндө өрт чыгып, бейшембиде түшкө чейин өчүрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын коргоо министрлиги 28-августка караган түнү украиндердин 102 дрону жана учкучсуз истребителдери асманда жок кылынганын кабарлап, канчасы бутага тийип кандай зыян келтирилгенин тактаган жок.