Bloomberg агенттиги кабарлагандай, Евробиримдиктин жыйынында Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жаткан өлкөлөргө карата чаралар кийинки аптада Копенгагенде талкууланмакчы. Андай чаралар ичинде Москванын соода өнөктөштөрүнө Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн тийиштүү товарларды экспорттоого тыюу салуу каралат. Жыйында жалпысынан орус экономикасына басым жасоо максатында кабыл алынчу кийинки санкциялар такталат.
Евробиримдик Орусия менен тыгыз экономикалык алакалары бар өлкөлөргө карата экинчи деңгээлдеги санкциялар пакетин 2023-жылы кабыл алган, аларды иш жүзүндө колдоно элек болчу.