Орусиянын Украинадагы соңку чабуулунан өлгөндөрдүн саны 22ге жетти

Орусиянын соңку чабуулдарынан кийинки кыйроолор.

Орусиянын украин баш калаасы Киев баштаган бир нече аймагын бутага алган соңку чабуулдарынан кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам жараат алды.

Украин аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 28-августка караган түнү орус күчтөрү Украинадагы 13 аймакка түз сокку урду. Бул соккуларда 600дөй дрон жана 31 ракета колдонулду.

Соңку чабуулдарда Киевде турак-жайлар жана көп кабаттуу үйлөр жабыркады. Жакынкы имараттарга тийген ракеталардан улам “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Киевдеги кеңсесинин терезелери талкаланып, техникалык жабдыктарына зыян келди.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун кеңселери жабыркаса да, тилекке жараша, кызматкерлер жараат алган жок. Биздин журналисттер маанилүү ишин уланта берет”, - деп билдирди радионун президенти Стивен Капус.

Президент Владимир Зеленский дүйнөлүк коомчулукту Орусияга катуу чара көрүүгө чакырып, Кытай менен Венгрия сыяктуу өлкөлөрдү жай тургундардын өлүмүн алдын алуу үчүн аракет көрүүгө үндөдү.

Бейшембиге караган түнү украин дрондору да Орусиянын мунай ишканалары бутага алганы, бир катар аймактарда өрт чыкканы белгилүү болду.

Соңку чабуулдар орус президенти Владимир Путин менен америка лидери Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрүнөн дээрлик 2 апта өткөндөн кийин орун алып жатат.

Дагы караңыз

"Орусия сүйлөшүүнүн ордуна ракетаны тандайт". Киевде 19 киши набыт болду "Тоо туризмин тескеген мыйзам керек". Альпинисттерди издөө токтотулду"Кумтөр": Жер астынан алтын казуу башталды, 50 жылдык план