Мектептерде китептер 12 жылдык программага үч окуу жылында толук жаңыртылат

Окуу китептери.

Президент Садыр Жапаров 29-августта Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак-мектебинин ачылыш аземинде 2025-2026-окуу жылына жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет 744 млн сом бөлгөнүн айтты.

Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарынын китеп фонддору үч окуу жыл аралыгында 12 жылдык программага ылайык толук жаңыртыларын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүтүргөн интернаттын 700 орундуу окуу имараты жана 500 орундуу жатаканасы толугу менен жаңы курулуп бүттү. Мектеп-интернат 2,3 гектар жерде жайгашкан.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирет. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарт жана программа боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия: Орелдо дрон кулап, төрт киши жараат алды Бийлик медициналык адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргиздиБишкекте Орусиянын “Евразия” уюму салган парк ачылдыБишкектин мэри шаарда кыйылган бак-дарактардын 85% чирип калганын айттыОрусиянын Киевге чабуулунда каза тапкандар 23кө жетти