Жалал-Абаддын мэриясы шаардын аталышын "Манас" деп өзгөртүүнү сунуштады

Жалал-Абад шаарынын администарциялык имараты.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрдагы кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча сунушту карап, колдоду. Мындай сунушту шаар мэри Эрнисбек Ормоков бергенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эми депутаттардын чечиминин негизинде мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталат.

Маалыматта аталышты өзгөртүү боюнча сунуш эмнеден улам көтөрүлгөнү айтылган жок.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул шаарда көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Анын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык обьектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Көз карандысыздык күнүн президент Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, анын алкагында ири администрациялык имараттын ачылышына катышты.

Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн.

Дагы караңыз

УКМК Чүйдөгү "Кара-Булак" эс алуу жайынын башчысы кармалганын билдирдиFT: Еврокомиссия башчысынын учагында GPS системасын Орусия бузган болушу мүмкүн Түштүк Корея: Пхеньян Орусияга дагы 6 миң аскер жиберет Төрага Тургунбек уулу өкмөттү соцтармактардагы "пиарды токтотууга" чакырды