1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот

Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.

"Токтом" порталына жарыяланган маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат. Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом кошулат.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору пенсия алган 800дөн ашуун адам бар.
Былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 44-беренесине ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. (ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстанда зилзаладан каза болгондордун саны 2200дөн аштыОрусия украин дрондору Рязань жана Луганск мунай ишканаларына сокку урганын кабарладыТүркияда кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо маселеси талкууландыКыргызстандын карызы 8 млрд доллардан ашты