Быйыл окуу китептерин басып чыгарууга бюджеттен 744 млн сом бөлүндү

Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга бюджеттен 744 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги 5-сентябрда билдирди.

Бул каражаттарга 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди. Маалыматка караганда, 1-2 жана 5-7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады.

Министрлик билдиргендей, орусиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, орус адабияты жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланды. Аларды мектептерге жеткирүү ушул жылдын октябрь айында башталат. Басылган китептерден тышкары бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, “Санарип Кампа” платформасына жүктөлгөн.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын билдирген. Мекеме орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек экенин жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөрүн белгилеген.

Былтыр социалдык тармактарда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китеп жетишпей, ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базардан сатып алып жатканы тууралуу билдирүүлөр чыккан.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирүүдө. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (КЕ)

Дагы караңыз

1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болотОрусия украин дрондору Рязань жана Луганск мунай ишканаларына сокку урганын кабарладыАкыйкатчы жоокерлер менен аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырдыКанат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды