Лондондо Palestine Action тобунун тарапкерлери уюштурган акция учурунда кеминде 425 киши кармалганын шаардын полициясы 6-сентябрдын кечинде кабарлады. Аталган топтун ишмердүүлүгүнө Улуу Британияда тыюу салынган.
Полициянын маалыматына караганда, кармоого демонстранттар күч кызматкерлерине кол салганы, мазактап, зомбулук көрсөткөнү, тыюу салынган топко колдоосун ачык билдирип чыкканы негиз болду.
Жүздөгөн адам британ парламентинин алдына ишемби күнү чогулуп, Palestine Action тобуна колдоосун билдиришкен.
Бир ай мурда да аталган топтун тарапкерлери арасынан 500дөй адам кармалган.
Британ бийлиги бул топту террордук деп эки ай мурда жарыялап, аны колдогондор кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.
Palestine Action тобунун талаптарынын арасында “Израилге көрсөтүлүп жаткан глобалдык колдоону токтотуу” бар.
Топтун террордук деп жарыяланышына активисттеринин быйыл 20-июнда Англиянын түштүгүндөгү Брайз-Нортон авиабазасына кирип барып, эки учакты талкалаганы себеп болгон. Топ бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, мындай кадамга “Лондон Израилди колдоп, Газадагы геноцидге катышып жаткандыктан” барганын билдирген.
Израил 2023-жылдын октябрында АКШ, Израил жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган ХАМАС тобунун кандуу кол салуусуна кабылгандан бери Газа секторунда ага каршы аскердик операциясын улантып жатканын айтууда. Андан бери 64 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди. (RK)