Армения менен Азербайжан бири-биринин аба мейкиндигин пайдалана баштаганын 6-сентябрда армян өкмөтүнүн башчысы Никол Пашиняндын маалымат катчысы Назели Багдасарян билдирди.
Анын айтымында, 31-августка караган түнү Пашинян чет өлкөлүк сапарга чыкканда да, кайтып келатканда да Азербайжан аркылуу учкан. Мындай мүмкүнчүлүк эки өлкөнүн башчылары Вашингтондо тынчтык декларациясына кол койгондон кийин Армения Азербайжанга аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат сурап, оң жооп алгандан кийин ачылган.
"Биз бул фактыны аймактагы коммуникацияны кайрадан ачууга, тынчтыкты бекемдөөгө жана өз ара ишеним атмосферасын калыптандырууга карай жасалган анык кадам катары карап жатабыз”, - деди армян премьер-министринин басма сөз катчысы.
Багдасарян Азербайжандын учактары да Армениянын үстүнөн тоскоолдуксуз учуп жатканын кошумчалады.
Буга чейин эки өлкө Тоолуу Карабак маселесинен улам дээрлик отуз жылдан бери бири-биринин үстүнөн учактарын учурчу эмес.
Тынчтык декларациясына Никол Пашинян жана азери лидери Илхам Алиев быйыл 8-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин кол коюшкан. (RK)