Орусиянын чабуулунан Украинанын өкмөтүнүн имараты жабыркады

Украин өкмөтүнүн имараты. 2025-жылдын 7-сентябры.

Орусиянын 7-сентябрдагы чабуулдарынан Украинанын борбор калаасы Киевде өкмөт имараты жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Юлия Свириденко Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Биринчи жолу душмандын чабуулунан өкмөттүн имаратына, чатырына жана жогорку кабатына зыян келди”,-деп жазды украин өкмөт башчысы.

Ал учурда өрт өчүрүүчүлөр өкмөт имаратындагы өрттү өчүрүп жатканын кошумчалады.

7-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус армиясы 800дөн ашык учкучсуз аппарат жана 13 ракета кое берген. Бул согуш башталгандан берки Украинанын борборуна жасалган эң ири чабуул болуп калды.

Украин бийлиги акыркы чабуулдан соң дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Орусияга басымды күчөтүүгө чакырды.

Дагы караңыз

Президент Жапаров МИК үй берүү шарттарын жеңилдетерин айттыМамлекеттик карыз өстү. Өкмөт кооптонууга негиз жок экенин билдирди"Кара тизмеден" чыгууга саналуу күн калды: Орусия мыйзамсыз мигранттарды депортациялайт