9-сентябрдын аба ырайы: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-сентябрдын экинчи жарымында жана 9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана айрым жерлердеги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16...21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Дагы караңыз

Нарында жол салып жаткан "Бета Групптун" мүлкү камакка коюлдуЧүйдүн Москва районунда коопсуздук чаралары күчөтүлдүУкраина орус армиясы Киевде жылуулук өндүргөн ишканага сокку урганын кабарладыЖоомарт Карабаев сотто кыргыз тилинде жооп берерин айтып, отурум башка күнгө которулду