Бишкекте ит-мышык тиштеп, доктурга кайрылгандар жыл башынан бери 2300дөн ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 8 айда Бишкек шаарында 2318 адамды ит-мышык тиштеп, ооруканага кайрылды. Алардын 34,4 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, кайрылгандардын 1377си ит капканын айтышкан. Мышык тиштеген 740 учур катталды.

Кайрылгандардын айрымдары кандай жаныбар тиштегенин байкабай калганын билдиришкен.

Бул аралыкта 16 жаран ооруканага жаткырылып, медициналык жардам алган. Муну менен кутурма (бешенство) илдетин алдын алууга мүмкүн болгону белгиленди.

2024-жылы ит-мышык тиштеген 1926 учур катталган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, кутурма адамдын жана жаныбарлардын нерв системасын жабыркатуучу, өлүмгө алып келген вирустук оору. Кыргызстанда вирустун бул түрүн алып жүрүүчүлөр негизинен ит, мышык, бодо мал, жылкы жана кой-эчки.

Кутурма оорусуна чалдыккан адамдын тиштелген жери кычышып, дене табы көтөрүлүп, чарчоо, тынчсыздануу, галлюцинация пайда болот, оозунан шилекей көп агып, кусат, ал суудан, жарыктан жана үндөн корко баштайт.

Адамга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерге кайрылуу керектигин эскертишет. (КЕ)

Дагы караңыз

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылдыКазак президенти калкка кайрылуусунда бир катар реформаларды сунуштадыТокмокто 10 айлык наристенин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча мотоциклдин айдоочусу кармалды9-сентябрдын аба ырайы: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн