Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,6 млрд куб метрге аз. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин орун басары суунун көлөмүн айтууга тыюу салынганын белгилеп, былтыркыга караганда аз экенин гана белгиледи. Ал Токтогул суу сактагычындагы суу кышкы сезонго жетпей турганын айтты.
"Өзү ал жерде суунун өлчөмү 18 млрд тегерегинде болот. Жыл сайын суу аз болгон үчүн кошуна өлкөлөр менен келишим түзүп келатабыз. Үч жылдан бери кургакчылык болуп, ошондуктан сактай албай жатабыз", - деди Ысманов.
Буга чейин министрлик быйыл жайында электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жетип жатканын белгилеп, жарандарды сарамжал болууга чакырган.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган.
Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген. (КЕ)