Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСи кооптуу аймакка курулуп жатат деген билдирүүгө жооп берди

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Энергетика министрлиги Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун Камбар-Ата-1 ГЭСи сейсмологиялык жактан кооптуу аймакка курулуп жатканы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин алкагында консультант болгон "ЭЙФРИ Швейцария Лтд" компаниясы бул багытта ар тараптан талдоо жүргүзүп, баяндама даярдаганы айтылат. Анда жалпысынан коопсуз деген корутунду чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын адистери чакырууга карабастан талкууларга катышпаганы көрсөтүлгөн.

Мунун алдында, 9-сентябрда Канат Абдрахматов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору тийиштүү сейсмикалык изилдөөлөрдөн өтпөй калганын айтып чыккан жана анын кесепети оор болушу ыктымалдыгын эскерткен. Ал Энергетика министрлигине эки ирет кайрылышканы менен көңүл бурулбаганын билдирген.

"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өңдүү чоң долбоорлорду баштоонун алдында сейсмикалык микрорайондоштуруу изилдөөлөрүн өткөрүү керек эле. Тилекке каршы, андай изилдөөлөр өткөрүлгөн жок. Ал эң жаман көрүнүш. Анткени ошол ГЭСти кура баштасак, эгер катуу жер титирөө болсо мындай чоң ГЭС талкаланып калса анын ылдый жагындагы Камбар-Ата-2 баштаган бардык каскаддар кетет. Биз министрликке эки жолу кат жазганбыз. Алар биринчи катыбызга жооп берген. Экинчи катыбызда биз ошол сейсмикалык микрорайондоштурууну жасаганга даярбыз дегенбиз, бирок жооп беришкен эмес. Сейсмолог катары менин оюмча, бул долбоор аябай кооптуу жерге курулганы жатат. Биз тийиштүү изилдөөлөрдү өткөрбөсөк болбойт. Илимдер академиясы менен министрликтердин тыгыз байланышы жок. Мисалы мен президент катары кат жазсам мага дагы жооп беришпейт, экспертизаларыбызга көңүл бурушпайт",-деген Абдрахматов.

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Бул долбоорго башында 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Дагы караңыз

Парламент Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду Жогорку Кеңеште Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүү сунушталды Мектептин ачылышында конок сыйлоого мугалимден акча талап кылган директор иштен алынды