Францияда жапырт нааразылык акцияларында 200дөй киши кармалды

Франция. 2025-жылдын 10-сентябры.

Францияда 10-сентябрда "Баарын бөгөттөйбүз" ("Bloquons tout") кыймылынын мүчөлөрү жалпы өлкө боюнча транспорттук системанын жана элдин күнүмдүк жашоосуна зарыл шарттарды бөгөттөөгө аракет кылганда 200дөй киши кармалганын полиция билдирди.

Эки күн мурда бул өлкөдө өтө катуу үнөмдөө саясатын жактаган өкмөт башчы Франсуа Байру кызматтан алынып, жаңы премьер-министр дайындалды.

Социалдык түйүндөрдө уюшулган кыймылдын миңдеген өкүлү бүгүн от жагып, тосмолорду коюп, борбор калаа Париждин Европадагы эң маанилүү автомагистраль болгон айланма жолун тосууга аракет кылганы, 80 миңдей полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып жатканы маалымдалды.

Коомдук тартипти бузган жаалданган топторго каршы күч кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ чачышты.

CGT кесиптик кошууну жеке жана мамлекеттик ишкана-мекемелерде 715 жерде иш таштоо болгонун ,президент Эммануэл Макрондун жүргүзүп жаткан саясатына каршы ушундай эле акцияны 18-сентябрда да уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

Бир нече ай мурда пайда болгон "Баарын бөгөттөйбүз" деген кыймылдын бирдиктүү лидери жок, алар социалдык түйүндөр аркылуу биригип, өлкөдөгү инфляция, үнөмдөө, кыскартуу жана бийликтин саясий кадамдары боюнча нааразылыгын билдирип келишет.

Жергиликтүү басылмалар бүгүнкү акцияга 100 миңдей адам катышып жатканын жазышты. (RK)

Дагы караңыз

Польша орусиялык дрондорду жок кылуу үчүн абадан коргонуу күчтөрүн колдондуПарламент Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду 11-сентябрдын аба ырайы: Ысык-Көлдөн башка аймактарда жаан жаабайтЕврокомиссия төрайымы Израилге каршы санкциялар сунушталарын айтты