Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады.
"Ал жерлерди мамлекетке, мэрияга өткөрсө эмнеси жаман? Элге иштейт. Эмне үчүн бир киши 43 гектар жерди басып жатышы керек? Мырзакматовдун 36 гектер жери боюнча ал менен сүйлөшүүлөргө барганбыз, ал жердин жарымын бизге өткөрүп бермей болгон. Алтургай өткөрүп да берген болчу. Биз мамлекеттик актыны да алганбыз. Бирок прокуратура келип "силер туура эмес жасап койдуңар, мамлекеттик актыны туура эмес алдыңар, бул чынында мэриянын эле жери" деп айтып, апелляция жазган. Сот биз алган актыны жокко чыгарды. Ошол 36 гектар жер, жайыт жер биздики болуп чыгып жатат. Биз кайра соттошуп жатабыз. Анын кайненесинин 5 гектар 30 сотых жери боюнча да соттошуп жатабыз. Ак-Бууранын жээгиндеги үч гектар жери боюнча да соттошуп жатабыз",-деди Токторбаев.
Мелис Мырзакматов Токторбаевдин айткандарына комментарий бере элек.
Токторбаев буга чейин экс-мэрдин Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жери мамлекетке кайтарыларын билдирген.
Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болгон.
Ал 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыялангандан кийин бозгунда жүрүп, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Түркиядан Ош шаарына кайтып келген.
Жогорку сот көп өтпөй Мырзакматовду актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырган. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен айып тагылып, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Мырзакматов мунун саясий куугунтук деп атаган.
Токторбаев Мырзакматовдун жерине байланыштуу соттошуулар башталганын билдирди
Мелис Мырзакматов.