Чикагодогу рейд: "Кармалгандар арасында кыргыздар бар"

АКШнын Чикаго шаарындагы мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд. 9-сентябрь, 2025-жыл.

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Чикагодогу рейддерде "кылмыш жасаган" деген шек менен кеминде 13 адамды кармаганын билдирди. Fox News телеканалы алардын сүрөттөрүн жарыялап, кармалгандар арасында Мексика, Индия жана Кыргызстан жарандары бар экенин кабарлады.

10-сентябрдын кечинде АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) бул операция алкагында Чикагодо колго түшүрүлгөн 13 адам “кызматкерлер кармаган эң коркунучтуу кылмышкерлердин катарына кирет” деп билдирди.

Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Midway Blitz операциясы “негизинен кылмыш жасаган же сотко чейинки тергөөдө турган адамдарды кармоого багытталганын” билдирди.

Чикагодогу кыргызстандык диаспоранын башчысы Умар Жусупбеков учурда рейдге кабылган мекендештер тууралуу маалыматтарды чогултуп жатканын билдирди:

Умар Жусупбеков

"Федералдык кызматкерлердин рейддери көбүнчө Латын Америка өлкөлөрүнөн келген мигранттар жашаган райондордо жүрүп жатат. Кылмыш жасаган деп кармалган 13 адамдын арасында бир кыргызстандык бар экени айтылды. Кабарларда кармалган кыргызстандык "башка бир адамдын денесине оор залака келтирген" деп айтылды. Балким мушташка катышкан чыгар деп божомолдоп жатабыз.Мындан тышкары дагы бир нече кыргызстандык кармалганы тууралуу да угуп жатабыз. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө негизинен мыйзамсыз мигранттар кармалып жатат деп билдирүүдө. Ошондуктан кармалган кыргыз жарандарынын иши сотко жетсе, анын жыйынтыгына жараша кайра бошотулушу мүмкүн. Бирок кылмыш жасаган мыйзамсыз мигранттарга чара катуу болот деп Трамптын администрациясы билдирүүдө".

FOX 32 Chicago телеканалы Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына таянып, кармалган кыргызстандык тууралуу "Болотбек Дженутбаев, Кыргызстандан келип, мыйзамсыз жүргөн чет элдик, мурда мушташка аралашкан/денеге залака келтирген" деп жазып, анын сүрөтүн жарыялды.

FOX 32 Chicago телеканалы жарыялаган сүрөт менен маалымат (видеодон алынган сүрөт)

Азырынча бул кармалган киши тууралуу Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, кыргыз бийлиги маалымат бере элек. “Азаттык” анын жакындары, адвокаттары менен байланышканга аракет кылат.

"Биз үчүн чындап кооптуу жагдай түзүлдү"

АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында соңку бир аптадан бери иммиграциялык кызматтардын жапырт рейддери күчөп, көчөлөрдө жана жолдордо текшерүү посттору коюлду. Бул шаарда жашаган кыргызстандыктар акыркы кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатканын билдиришти.

Чикагодо бир нече жылдан бери жашап, жүк ташуучу унаа (трак) айдаган Улукбек соңку күндөрү шаарда жүрүү кыйындап кеткенин айтууда:

"Соңку бир аптадан бери Чикагодо жапырт рейддер жүрүп жатат. Текшерүү негизинен тамак жеткирүү жана такси кызматында иштеген мигранттардын арасында күчөдү. Мисалы, О’Хара аэропортунун айланасында текшерүү көбөйгөнү айтылууда. Кыргыздардын чаттарында жана топторунда бул тууралуу көп маалымат бөлүшүп жатышат. Ал тургай ошол жакка такси айдап барган кыргызстандыктар кармалып кеткен учурлар тууралуу да угуп жатабыз. Көчө текшерүүлөрү да күчөп, мурдагыдай эркин жүрүү мүмкүнчүлүгү азайды".

АКШдагы кыргыздардын чатынан скриншот.

Улукбектин айтымында, АКШдагы кыргызстандыктар бири-бирине маалымат берип, рейддер болгон аймактардан алыс болууга аракет кылууда. Айдоочулар айрыкча АКШнын Мексика менен чектешкен түштүк аймактарына барбай турууга аракеттенүүдө.

Улукбек

"Эки-үч жыл мурда мындай көрүнүштү элестетүү да кыйын болчу. Азыр болсо абал кескин өзгөрдү: 8 жана 55-автомагистралдарда көзөмөл посттору коюлуп, жүк ташуучу унаа (трак) айдоочулар да тыкыр текшерилүүдө. Алар сот системасында иши али каралбаган адамдарды кармап, түз эле детеншн борборуна алып кетип жатышат. Ал жерден эгер сотто утсаң, кайра чыгасың, болбосо депортация кылышат. Ошол эле учурда күрөө коюп чыккандар да бар. Мисалы, андай учурда кеминде 10 миң доллар төлөшүң керек. Азыр трак айдаган айдоочулар бири-бирибизге дароо маалымат берип, рейд болгон жерлерден алыс айдоого, өзгөчө АКШнын Мексика менен чектеш түштүк аймагына барбоого аракет кылып жатабыз. Ушундай эле учурда кимдир-бирөөнүн досу же тууганын кармап кеткен учурлар да болуп жатат. Чынын айтсам, мындай абал жаралат деп эч ойлогон эмесмин. Биз үчүн чындап кооптуу жагдай түзүлдү".

Дагы караңыз "Кыргыз паспорту менен башка өлкөлөрдөн да киргендер болду". АКШ виза мөөнөтүн азайтат

2-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Чикагого кылмыштуулукка каршы күрөш үчүн Улуттук гвардия аскерлерин жөнөтөрүн жарыялаган. Ишемби күнү миңдеген адам Чикагонун борборуна чыгып, Трамптын бул калаага федералдык аскерлерди жөнөтүү жана иммиграциялык рейддерди күчөтүү пландарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Президент Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындай чечимин мыйзамсыз миграцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш деп түшүндүрдү:

"Бул согуш эмес. Бул шаарларды тазалоо аракети. Мурдагы аптада Чикагодо болгон окуяда бир нече адам өлдү. Алар киши өлтүрбөсүн деп ушул кадамга бардык. Бул согуш эмес".

Иллинойс штатынын губернатору Жей Би Притцкер жана Чикагонун мэри Брендон Жонсон (экөө тең демократтар) федералдык бийликтен соңку операция тууралуу расмий кабар албаганын билдирип, муну аларга карата жасалган саясий кадам деп айыпташты.

Иллинойс штатында жашаган дагы бир кыргызстандык Эркин Урманбетов азыр жүрүп жаткан рейддердин саясий өңүтүн белгиледи:

Эркин Урманбетов

"Мен Чикагодон бир саат алыс шаарда жашайм. Азыр ICE офицерлери менен аскердик техника келгенинин сүрөттөрүн көрүп жатабыз. Бул сүрөттөр кыргыздар отурган социалдык тармактарда да тарап жатат. Чынын айтсам, бул абдан тынчсыздандырган көрүнүш. Маселенин дагы бир себеби катары биздин штаттын губернатору менен АКШ президенти Дональд Трамптын кайым айтышуусун айтууга болот. Трамп губернаторду мазактап, кемсинткени белгилүү. Ошондон бери АКШ президенти Иллинойс штатына көбүрөөк басым жасап жаткандай сезилет. Азыркы болуп жаткан окуялар акылга сыйгыс. Жергиликтүүлөр муну “өз элине каршы согуш баштагандай кадам” деп кабыл алууда. Кыргыздар сыртка чыкпаганга, жашынып жүрүүгө аракет кылууда. Анткени буга чейин да депортацияланган мекендештер болгон. Абал чындап эле кооптуу".

Дагы караңыз "Кыргыздар бир нече райондо турабыз". Лос-Анжелес мигранттын көзү менен

АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында, азыр рейд жүрүп жаткан Чикаго шаарында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.

Буга чейин Трамптын буйругу менен Вашингтон шаарында жана Калифорния штатында рейддер болгон.

Дагы караңыз "Текшерүүдөн коркуп, үйдөн чыкпай отургандар көп". АКШ 20дан ашуун кыргыз жаранын депортациялады

9-августта АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депортацияланган 25 кыргызстандык атайын каттам менен Бишкекке келгени маалым болгон. Депортация тартибине ылайык, аларга Кошмо Штаттарга кирүүгө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынган болушу ыктымал.