"Свобода" радиосу жана Geoconfirmed долбоорунун ыктыярчылары 10-сентябрга караган түнү орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирип, кулаган тогуз жердин так координатын фото жана видео аркылуу аныкташты. Учкучсуз учактар кулаган дагы бир нече жер жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтардын негизинде интерактивдүү картага түшүрүлдү.
Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск 10-сентябрга караган түнү Орусиянын 19 дрону Польшанын аба мейкиндигин бузганын билдирген. Алардын кеминде төртөө атып түшүрүлгөн. Орусия Польшанын аба мейкиндигин бузганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, Коргоо министрлигинин алкагында сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган.
Шаршембиде Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылышканын маалымдаган.
Билдирүүдө айтылгандай, Орусиянын Украина аймагына жасаган аба соккулары учурунда 19 “дрон сымал объектилер” өлкөнүн мейкиндигине кирип келген. Польшанын аскерлери бул объектилерди жок кылуу үчүн курал колдонгон. Маалыматка ылайык, Подляска, Мазовецк жана Люблинск аймактарынын жашоочуларына үйдөн чыкпай туруу зарыл экени эскертилген.
Рейтер агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына шилтеме кылып Польшанын төрт аба майданында, анын ичинде Варшавадагы Шопен аэропортунда иш убактылуу токтотулганын жазган.
Украинанын аймагына жасалган аба соккулары учурунда Польшанын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалыматтар буга чейин дагы чыккан. Бирок Польша абадан коргонуу күчтөрүн колдонгон алгачкы учур экенин Reuters белгиледи.
НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептерин, бирок аны чабуул катары сыпаттабай турганын билдирген.