Мамыркулованын иши: Шаардык сотто адвокаттар журналистти актоону өтүндү

Канышай Мамыркулова жакындарынын коштоосунда соттон чыккан учур. Бишкек. 3-июль, 2025-жыл.

Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо башталды. Октябрь райондук соту июлда аны “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “кастыкты козутуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган.

Мындан кийин адвокаттар апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышкан. Шаардык соттогу процесс канчага созулары жана кандай жыйынтык чыгары азырынча белгисиз.

Экинчи инстанциядагы иш

Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын апелляциялык арызынын негизинде башталган Бишкек шаардык сотундагы 11-сентябрдагы отурум белгиленген убакыттан бир аз кечигип башталды.

Соттук коллегия тараптардын аркы-беркисин тактап, кароону ачык деп жарыялаган соң жактоочулар өтүнүчтөрүн келтиришти. Анын ичинде процессти сүрөт-видеого тартууга жана мамлекеттик тилде өтчү отурумда кошумча расмий тилде да пикир айтууга уруксат берүү өтүнүчү айтылды.

Судья Адылбек Эсенбаев төрагалык кылган соттук коллегия мунун биринчисине макулдук берип, экинчисин жарым-жартылай канаттандырды. Тагыраагы орус тилинде пикир билдирүүгө уруксат берип, бирок өтүнүч келтирүүгө чектөө койду.

Мамыркулованын адвокаты Асел Аргымбаева буга каршы пикирин айтты.

Асел Аргымбаева

“Эгерде менин өтүнүчүмдү четке каксаңыздар анда муну протоколдук негизде киргизүүнү суранам. Эгерде мага расмий тилде өтүнүч келтирүүмө чектөө коюлса анда соттук кароого котормочу дайындалуусун, ал менин өтүнүчтөрүмдү синхрондук негизде мамлекеттик тилге которуп берүүсүн өтүнөм. Андай болбосо бардык соттук отурумдардагыдай эле расмий тилде өтүнүчтөрдү келтирүүгө чек койбоону суранам”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамыркулова 6 жылга кесилип, 4 жыл пробация менен абактан бошонду

Экинчи адвокат Акынбек Ногоев ушул эле позицияны колдой турганын айтты. Андан соң соттук коллегия келерки отурумга котормочу дайындоо тапшырмасын берип, процессти 6-октябрга калтырды.

Журналисттин дагы бир адвокаты Нурбек Сыдыков 11-сентябрдагы отурум жөнүндө жалпы буларды айтып берди:

Нурбек Сыдыков

“Канышай Мамыркулованын иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Бул боюнча адвокаттар апелляциялык даттанууларды бергенбиз. Даттануубузда Мамыркулованын аракетинде эч кандай кылмыш жоопкерчилиги болушу мүмкүн эмес деп көрсөткөнбүз. “Массалык баш аламандыкка чакыруу” жана “кастыкты козутуу” беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Биз ошол беренелер боюнча “туура эмес айыпталган жана ал акталышы керек” деп эсептейбиз”.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы коюлган эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист ошол эле күнү сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз беришкен.

Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазуусуна чектөө коюлган. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо, бул тууралуу пробация органдарына билдирүүгө милдеттүү. Пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш.

"Биротоло актап коюшса деле болмок"

Канышай Мамыркуловага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Дагы караңыз Мамыркулованын иши: Сот Фейсбукка пикир жазууга тыюу салды

Эркин журналист жана медиа эксперт Жалил Сапаров Мамыркулованын иши боюнча буларга токтолду:

“Мамыркулова негизинен сатира, юмор, сарказм менен шугулданып келди. Биздин оюбузча ал жерде криминалдык көрүнүш, жоопко тарта турган деле мандем жок болчу. Бийлик өкүлдөрү анын кайсы бир пикирине байланыштуу ачык эскертүү берип, же тынчсыздануу таратканы деле эсибизде жок. Анан эле бир күнү анын үстүнөн иш козголуп атпайбы. Эгерде Мамыркулованын сарказмында, сатирасында кандайдыр бир мыйзам бузууларды тапкан күндө деле ушуга чейин отурду, абакта жатты. Ал жаза ала турган күндө деле ал жазасын алып бүттү. Аны “болду эми, ден соолугуңду кара” деп эле актап коюшса жакшы болмок”.

  • 50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү.
  • Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.
  • Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.