11-сентябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун журналисти Игорь Лосик Беларуста беш жылдан ашуун абакта отургандан кийин бошотулду.
"Беш жылдан ашуун мезгилге созулган азаптуу жана толугу менен адилетсиз сыноо аягына чыкты", - деп билдирди Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Стив Капус.
Ушул эле күнү Беларустагы түзөтүү мекемелеринен 52 саясий туткун бошотулганын Литванын президенти Гитанас Науседа X социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.
«Бүгүн 52 туткун Беларустан Литванын чек арасынан өтүп, тикенек зымдарды, темир торлорду жана туруктуу коркунучту артта калтырып, коопсуз аймакка жеткирилди. Алардын арасында мен үчүн өзгөчө маанилүү болгон Литванын алты жараны бар. АКШга жана президент Дональд Трампка терең ыраазылыгымды билдирем», — деп жазды ал.
Литванын президенти: «Беларус абактарында миңден ашуун саясий туткун камакта жатат. Алардын баары эркиндикке чыкмайынча, биздин аракетибиз токтобошу керек», — деп кошумчалады.
Беларус мамлекеттик маалымат агенттиги "БелТАнын" маалыматына ылайык, Александр Лукашенко тыңчылык айыбы менен соттолгон 14 чет өлкөлүк жаранга мунапыс берип бошоткон. Алардын ичинен алты адам Литва, экөө Латвия, экөө Польша, экөө Германиянын жарандары. Ошондой эле Франция жана Улуу Британиянын бирден жараны абактан бошотулду.
Эркин Европа/Азаттык радиосунун беларус кызматынын кабарчысы Игорь Лосик 2020-жылдын июнь айында кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага «массалык баш аламандык уюштуруу, социалдык жек көрүү жаратуу» жана башка бир нече айып тагылган.
Анын жубайы Дарья Лосик 2022-жылы кармалып, 2024-жылы бошотулган. Күйөөсү камакка алынгандан кийин Дарья Лосик өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенкого кайрылып, аны «коркок» деп айыптаган. 2023-жылдын январь айында Дарьяны эки жылга эркинен ажыратышкан. Буга анын «экстремисттик» деп таанылган польшалык «Белсат» телеканалына интервью бергени негиз болуп, ага «экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан» деген айып тагылган.
2024-жылдын 24-июлунда беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды бошотконун, алардын бири Дарья Лосик экенин «Гомельская Весна» укук коргоо долбоору жазган.
«Вясна» укук коргоо борборунун 11-сентябрдагы маалыматына караганда, Беларуста жалпы 1192 саясий туткун бар. (AiA)