Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо иштери башталды

Таш-Рабат кербен сарайы.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын 45 жылдан кийин кайрадан оңдоп, реставрациялоо жумуштары башталганын билдирди.

“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тендер жарыялап, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.

Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында акыркы жолу XX кылымдын 70-80-жылдарында реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Таш-Рабат 2024-жылдан тартып Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.

XV кылымга таандык делген кербен сарайда Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар тейленген. Кербен сарай жалпак таштардан ылайга олтургузуп тургузулган. Анын бийиктиги 20 метрдей, 31 бөлмө бар экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыАКШ бийлиги Кирктин өлүмүнө байланыштуу маалымат үчүн 100 миң доллар убада кылды БУУнун Коопсуздук кеңеши Катардагы чабуулду Израилди атабай туруп айыптады Беларуста 52 адам, арасында "Азаттыктын" журналисти Игорь Лосик абактан бошотулдуДепутат Бекешев коррупцияга каршы күрөштө журналисттер менен кызматташуу керектигин айттыТИМ "кара тизмедеги" мигранттар Орусиядан чыгарыларын эскертти