Улуттук банк 10-сентябрдагы чечими менен “Кылым банк” ачык акционердик коомун түзүүгө уруксат берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2024-жылдын декабрь айында 100% үлүшү мамлекетке таандык болгон “Кылым банкын” түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Өкмөт бул чечимди банк секторун жана каржы системасын өнүктүрүү аракети катары түшүндүргөн.
“Кылым банктын” уставдык капиталы 1 миллиард сом болот. Каражат бюджеттен которулат жана 2027-жылга чейин банктын уставдык капиталын 5 миллиард сомго жеткирүү планы коюлган.
Буга чейин мамлекеттин колунда “Элдик банк” (мурдагы “РСК банк”), “Айыл банк” жана “Керемет банк” деген үч банк болгон. Муну менен катар, 2022-жылы Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлгөн. Ага өлкөдөгү ири инвестициялык долбоорлорду каржылоо миссиясы жүктөлгөн. Өлкөдө баш-аягы 20дан ашык коммерциялык банк иштейт.
Жакында эле Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция киргизген. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирген. Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Улуу Британиянын санкциясына илинген.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка" санкция киргизген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын “Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар адилетсиз экенин айтып, коюлган дооматтарды четке каккан.(BTo)