Бишкекте электр чыгырыкка тыюу салуу талабы менен кол топтолууда

Электр чыгырыктарды (электросамокат) ижарага берүүчү жай. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте активисттер, шаар тургундары электр чыгырыктарын колдонууга, ижарага берүүгө тыюу салууну талап кылган петицияга кол топтой баштады. Анда калаа мэриясына, шаардык кңештин депутаттарына, УКМК, ИИМге жана коомчулукка кайрылуу жолдонуп, административдик жана башка адамдын ден соолугуна зыян келтирсе кылмыш жазасына тартуу талабы жазылган.

"Жакында тротуарда басып бараткан апамды электр чыгырыгы менен катуу келаткан адам сүзүп кетти. Ушунчалык катуу ылдамдыкта келип сүзгөндүктөн апамдын ийини сынып, мээси чайкалган. Алдыда операция жана ден соолугун калыбына келтирүү үчүн узак убакыт керек. Чыгырык тээп келаткан бала кечирим дагы сураган жок, жөн гана байкоочу катары карап турду. Бул бир эле учур эмес, мындай көрүнүштөр Бишкекте күн сайын катталууда, алардын арасында балдар, картайган адамдар бар", - деп жазылган.

Петицияда Бишкек транспорттун мындай түрүнө азырынча даяр эмес экени, "шаар тургундарынын коопсуздугу бизнестен маанилүү болушу керектиги" да белгиленген.

Учурда петицияны 7 миңдей адам колдоду.

Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын быйыл июлдагы маалыматына караганда, Бишкекте алты айда чыгырыктын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.

Кайгуул-күзөт башкармалыгынын башчылыгы 1-июлда электрондук чыгырык (самокат) жана башка мобилдик жеке унааларды ижарага берген компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, борбор калаада чыгырык жана жеке мобилдик унаадан кырсыктап, жабыркаган адамдар көбөйүп жатканы тууралуу маалымат берилип, анын алдын алуу чаралары талкууланган.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө баскандарды же бири-бирин сүзүп, түрдүү окуялар катталып жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдиришкен. (КЕ)

Дагы караңыз

Кадырбек Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын билдирдиОрусия Украинанын Сумы облусуна сокку урду. Курмандыктар бар Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыДрон чабуулунан улам Орусияда аэропорттор жабылды, Приморскинин мунай портунда өрт чыкты