ИИМдин башкармалыгы Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деген билдирүүгө түшүндүрмө берди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деген билдирүүгө түшүндүрмө берди. Анда шаарда туура эмес токтотулган машиналарды эвакуатор менен тазалаган жолдордо тыгын азайганы айтылат.

"Учурда Бишкектин 16 көчөсүнүн айрым бөлүктөрү оңдолуп-түзөлүп жатат. Мындан улам убактылуу жол тыгындары жаралууда. Жогорку Кеңештеги жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары негизинен шаардагы айрым аймактарда, тактап айтканда, Аламүдүн жана Ош базарларынын тегерегиндеги, чоң соода борборлордун алдындагы жана аялдамалардагы туура эмес токтотулган машиналарды эвакуациялоо иштерине байланыштуу айткан. Ал эвакуаторлордун жардамы менен жолдордун чети мыйзамсыз токтотулган машиналардан тазаланып, ошол аймактарда гана жол тыгыны азайып жатканын белгилеген. Жалпысынан оңдоо иштери жол кыймылына убактылуу ыңгайсыздык жаратып жатканы чын",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында, 11-сентябрла Жогорку Кеңеште аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, "шаарда жол тыгыны кескин айзайды" деп билдирген. Депутат анын сөзү туура эмес экенин, тескерисинче, борбордо бул маселе курч турганына токтолгон.

Бишкекте жаңы жасалган айрым жолдордун четиндеги маишана токтотуучу бөлүктөрү жабылган. Соңку жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Бишкекте электр чыгырыкка тыюу салуу талабы менен кол топтолуудаКадырбек Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын билдирдиЖогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталды