Бишкекте күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

12-сентябрда саат 13:57де Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Борбор Азиялык жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (ЦАИИЗ) маалыматына таянып билдири.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун расмий сайтындагы маалыматта жер титирөөнүн очогу Төмөнкү Серафимовка айылынан 60 чакырым чыгышта, Тоолуу Маевка айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта катталганы белгиленген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана зыян тарткандар бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.

Бишкектин калктуу конуштарында силкинүүнүн күчү 4 баллга сезилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте электр чыгырыкка тыюу салуу талабы менен кол топтолуудаКадырбек Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын билдирдиОрусия Украинанын Сумы облусуна сокку урду. Курмандыктар бар Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталды