Министр Сыргабаевдин тууганы “Салих и Ко” фирмасынын директору кызматынан кетти

Батырбек Сыргабаев.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин бир тууган иниси Батырбек Сыргабаев мамлекеттик “Айыл Банктан” 5 млн доллар жеңилдетилген насыя алганы жаткан “Салих и Ко” фирмасынын директору кызматынан кетти. Бул тууралуу министр “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.

Маалыматты кийинчерээк Батырбек Сыргабаев өзү да ырастады. Ал буга чейин кызыкчылыктар кагылышы боюнча мыйзамга туура келбесин билбегенин, юристтер менен кеңешип бул долбоордон чыкканын билдирди.

Министрлер кабинети 13-августта “Салих и Ко” фирмасынын “Айыл Банктан” алып жаткан 5 млн доллардык жеңилдетилген насыяга кепил болуу жөнүндө тескемесин чыгарган. Ал чечимди 8-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

“Салих и Ко” насыяны эки бөлүк менен – 159 млндон ашуунун сом жана 3 млн 510 миң доллар түрүндө алып жатат. Алынган каражатка форелдик товар өстүрүү, осётр балык чарбасын куруу жана балыкты кайра иштетүү боюнча индустриалдык типтеги толук системалуу садок чарбасын курат.

Депутат Дастан Бекешев Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Салих и Ко” компаниясынын жетекчиси Батырбек Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин бир тууганы экенин айткан.

Дастан Бекешев бул маселени 11-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында да көтөрүп, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан мындай жүрүм-турумду коррупциялык көрүнүш катары кароого чакырган.

“Салих и Ко” фирмасы 2023-жылдын соңунда түзүлгөн. Аны Батырбек Сыргабаев менен эт азыктарын чыгарган “Салих Лтд” компаниясынын ээси, ишкер Урмат Мусаев биргелешип ачкан. 2024-жылы казынага эч кандай киреше төккөн эмес. 2025-жылдын июнь айында болгону 57 миң сомдук салык жана башка төлөмдөрдү жасаган.

49 жаштагы Абсаттар Сыргабаев 2024-жылдын июль айында транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалган. Ага чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү. (BTo/KbA)

Дагы караңыз

Бишкекте күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болдуОрусияда мигрант балдардын 87% ашууну мектепке кирбей калды Нарындагы жол иши боюнча кармалган транспорт министринин орун басары эркиндикке чыктыИИМдин башкармалыгы Бишкекте жол тыгыны кескин азайды деген билдирүүгө түшүндүрмө берди Бишкекте электр чыгырыкка тыюу салуу талабы менен кол топтолуудаКадырбек Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын билдирдиЖогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыКыргызстанда рак менен ооруган 35 миңден ашык адам барУлуттук банк мамлекеттик “Кылым банкын” түзүүгө уруксат берди