Камчатка жарым аралында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болду

Орусия. Камчатка жарым аралынын жээги

Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Камчатка жарым аралынын жээктеринде 13-сентябрдагы зилзаланын күчү очогунда 7 баллдан ашты.

Петропавловск-Камчатка шаарында силкинүү күчү 5,5-6 баллга сезилди.

Жарым аралдын чыгыш жээктеринде цунами коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланып, кийинчерээк жокко чыгарылды.

Жер титирөөнүн очогу Тынч океан акваториясында Петропавловск-Камчатка шаарынан чыгышты көздөй 123 чакырым алыстыкта, деңиз түбүндө 47 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Камчатка жарым аралында быйыл июлда да күчү очогунда 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Орусиянын Коргоо министрлиги катуу зилзаладан кийин дагы 30 жолу күчү 2-5 баллды түзгөн жер термелүү болгонун кабарлаган. Азыноолак жараат алгандар болгон.

ТАСС агенттиги Түндүк-Курильскинин мэрине шилтеме кылып бул аймакта цунаминин үч толкуну келгенин, шаардагы портту суу каптап, кемелер акканын жазган. Аймакка ошол учурда өзгөчө абал режими киргизилип, кайра алынган.

Дагы караңыз

БУУнун Коопсуздук кеңеши Польшанын аба мейкиндиги бузулганын талкуулады