Польшанын Куралдуу күчтөрү коопсуздукту камсыздоо максатында аскердик авиацияны абага көтөргөнүн жарыялады. Ага НАТО мамлекеттеринин авиациясы да катышып жатканын Польшанын ыкчам командачылыгы билдирди.
"Поляк жана өнөктөштөрдүн авиациясы биздин аба мейкиндикте иш алып барууда, ал эми абадан коргонуунун жердеги системасы менен радиолокациялык чалгын жогорку аскердик даярдыкта турат. Бул аракеттер алдын алуу катары жана аба мейкиндигинин, жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган, айрыкча кооптуу аймактарда", — деп жазылган маалыматта.
Мындай чарага Польшанын Украина менен чектеш аймактарында дрон чабуулу коркунучу себеп болгону айтылды.
10-сентябрда 15тен ашуун орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирген. Поляк армиясы жана НАТОдогу өнөктөштөр истребителдерди абага көтөрүп, дрондор атып түшүрүлгөн.
Бул НАТОнун аймагында дрондор кулатылган биринчи учур. 12-сентябрда Польша орус-беларус биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгууларына байланыштуу Беларус менен чек арасын толук жапкан.