Польшанын президенти Кароль Навроцкий өлкө аймагына НАТОнун аскерин жайгаштырууну жактырды. Польшанын Улуттук коопсуздук бюросу билдиргендей, бул чечим өлкөнүн чыгыш чек араларын кайтарууну күчөтүү максатында альянстагы мамлекеттер менен бирге башталган "Чыгыш сакчысы" операциясына тиешелүү.
10-сентябрда 15тен ашуун дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирген. Поляк армиясы жана НАТОдогу өнөктөштөр истребителдерди абага көтөрүп, дрондор атып түшүрүлгөн.
Бул НАТОнун аймагында дрондор кулатылган биринчи учур. 12-сентябрда Польша орус-беларус биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгууларына байланыштуу Беларус менен чек арасын толук жапкан.
Варшава жана НАТОдогу өнөктөштөр аба мейкиндикти бузганы үчүн Орусияны айыпташкан, Москва дрондор Украинанын аймагынан учурулганын, Польшанын аймагына сокку уруу максаты жок экенин айткан.
Беларустун Украина менен чектеш аймагында 12-сентябрдан бери орус-беларус биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгуулары өтүп жатат, ал 16-сентябрга чейин уланат.
13-сентябрда Польшанын Куралдуу күчтөрү коопсуздукту камсыздоо максатында аскердик авиацияны абага көтөргөнүн жарыялады. Ага НАТО мамлекеттеринин авиациясы да катышканын, мындай чарага Польшанын Украина менен чектеш аймактарында дрон чабуулу коркунучу себеп болгонун билдирген.