Непалдын убактылуу премьер-министри Сушила Карки 14-сентябрда кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы билдирүүсүндө жарым жылдан соң отставкага кетерин айтты.
Ал бийликти кармап калууга тырышпай турганын, жаңы өкмөт келери менен кызматын тапшырарын кошумчалады.
Непалда жаңы өкмөттү шайлоо кийинки жылдын 5-мартында өтөрү күтүлүүдө.
«Мен бул кызматка баргым келген эмес. Көчөдөгүлөрдүн үнү мени бул сунушту кабыл алууга түрттү».
73 жаштагы Сушила Карки Непалда өкмөттү төңкөргөн акциялардан кийин 12-сентябрда убактылуу премьер болуп дайындалган.
Мурда Жогорку сотту башкарган Карки өкмөттү башкарууга "Z мууну" деп аталган нааразылык акцияларынын лидерлеринин өтүнүчү менен макул болгон.
«Биз "Z муунунун" ой жүгүртүүсүнө шайкеш иштешибиз керек. Алар коррупцияга чекит коюуну, башкарууну жөнгө салууну жана экономикалык теңчиликти талап кылууда», — деди Сушила Карки.
Мурдагы премьер-министр, Коммунисттик партиянын башчысы Кхадга Прасад Шарма Оли өткөн аптада өкмөттүн соцтармактарды чектөө чечимине каршы эки күн бою уланган каршылык акцияларынан кийин отставкага кеткен. Акцияларда 72 киши каза тапкан.
Шарма Олинин отставкасынан кийин деле нааразылык токтогон жок, демонстранттар бир нече саясатчынын үйүн талкалап, парламент имаратын өрттөп жиберген.