Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Газадагы соңку кырдаалды талкуулаган Ислам кызматташтык уюмунун Дохадагы кезексиз жыйынына катышты. Блу тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жыйында Катардагы акыркы окуялар жана Газадагы соңку абал боюнча талкуу болгон. Анда Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотууга, аймакта тынчтыкты орнотууга багытталган координацияны күчөтүүгө макулдашкан.
Ислам кызматташтык уюму 50дөн ашык ислам мамлекеттеринин башын кошкон эл аралык уюм.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салуудан соң 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Алардын 140дан ашууну бошотулган. Бул окуядан кийин Изарил Газада ХАМАСтын таасиринен тазалоону максат кылып, аскердик операцияларды жүргүзүп, абадан сокку уруп келет. Чабуулдардан улам Газа гуманитардык абал кыйындап, миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 62 миңден ашуун киши каза тапканын маалымдады.
Ал эми 9-сентябрда Израилдин Катардын борбору Дохадагы имараттарга ракета менен сокку урган. Мындай аракетти Израил ХАМАС уюмунун жетекчилерине багытталган сокку деп атаган. Катар расмий Тель-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп атады.
11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши, бир катар өлкө жетекчилери Катардын борбору Дохадагы аба соккуларын айыптаган. Кыргызстандын бийлиги да өткөн аптадагы чабуулдарды сынга алып, бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө шек келтирет деп билдирген.