БШК элге шайлоо мыйзамы боюнча маалымат берүү керектигин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров 15-сентябрда Боршайкомдун кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамдары боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ал бир округдан үч депутат шайланарын, калк арасында “бир эле шайлоочу үч талапкерге добуш берсе болот” деген туура эмес маалымат бар экенин айтты. Бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге добуш бере алат. Андан ашык белги койсо бюллетень жараксыз деп табылат.

28-апрелде президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт.

Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, парламенттиу шайлоонун да тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар округдан үчтөн депутат шайланышы керек. Алардын бири аял болушу кажет. Партиялар да талапкер көрсөтсө болот.

Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра добуш берүү болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орунда келген талапкер келет.

Кыргыз коомчулугунда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таркатат деген талкуу жүрүүдө. Парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча демилге көтөрө турган депутаттык топ түзүлүп, ишин баштады.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.

Буга удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Илим министрлиги “Эл үмүтү” стипендиясы тууралуу маалымат бердиОрусиянын Краматорск шаарына соккусунда тогуз киши жараат алды Непалда жаңы өкмөттү шайлоо 5-мартта өтүшү мүмкүн Ак-Бешимдеги окуя: кылмыш болгон үй-бүлөдөгү балдардын коопсуздугу текшерилдиМинистр Кулубаев ИКУнун Газадагы абалды талкуулаган жыйынына катыштыУКМКнын мурдагы кызматкери пара иши боюнча кармалдыТашиев быйыл 200 млрд сомдук мүлк мамлекетке кайтарылганын айтты