Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таркатуусун колдогон, демилге көтөрүп кол койгон 32 депутаттын аты-жөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, бул токтомдун долбоору келерки аптада тармактык комитетте каралат, андан кийин жалпы жыйынга киргизилет. Айрым депутаттардын айтымында, кезексиз шайлоо 30-ноябрга белгилениши мүмкүн.
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусун жактаган 32 депутаттын аты-жөнү жазылган, колу коюлган документ жарыяланды. Алардын арасында Чолпон Султанбекова дагы бар. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып эл өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн өйдө коюп жатат деген ойду айтты:
Чолпон Султанбекова.
"Депутаттар аябай эле каалап, мандатын бир жылга эрте таштап кетип калуу эч кимге деле жакпаса керек. Бирок жаңыланууларды ойлоп ушундай чечимге келип жатабыз. Негизи бул демилге жаңы мыйзам кабыл алынгандан бери эле Жогорку Кеңештин ичинде талкууланып жаткан. Экинчиден, бул жакта маселелер аябай көп болуп жатат. Өзүңөр билгендей, азыркы чакырылыштан 22 депутат кетти. Шайлоо мыйзамы жаңыланды. Эми парламентке бир мандаттуу округдардан шайланып келебиз деп айтып жатабыз. Президенттин дагы шайлоосу биздин артыбыздан эле келип калып жатат. Анан Жогорку Кеңештин иши натыйжалуу болсун деп жатабыз. Анткени мыйзам кабыл алынгандан кийин бир округ деген кандай болот, эмне болот деп баары ойлоно баштады. Ошон үчүн, чынын айтканда, өзүбүздү садага чаап жатабыз. Мамлекеттин түпкүлүгү, стабилдүүлүгү үчүн ушундай маселелер болуп жатат. Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алынгандан кийин парламент таркашы керек деп эле ойлойм".
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин жалпы жыйынга депутаттардын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашыгы колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Дагы караңыз "Мыйзамдар кол коюуга жеткенде өзгөрүп кетүүдө". Депутаттар президенттик администрациянын "басым-кысымына" нааразы
"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев билдиргендей, алгач токтомдун долбоорун тармактык комитеттер карайт, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат:
Жанар Акаев.
"Парламент колдоп берсе эле жетиштүү болот. Буга президенттин кол коюшунун кереги жок. Ошол Жогорку Кеңештин токтому менен өзүн-өзү таркатуу чечими кабыл алынат. Менин оюмча бул процесстердин баары ушул айдын аягына чейин болсо керек. Аны эми эң негизги демилгечилер дагы карап жатышат. Мага демилгеге кол коюу сунушу түшкөндө дароо макул болдум. Анткени эки шайлоонун удаа келип калганы, БШКны аябай ыңгайсыз абалга коюп, ар кандай каталарга жол бербөө керектигин түшүнүү менен кабыл алдым. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш биз жаңы система менен шайланып келебиз деген саясий чечим кабыл алды да. Ушундай чоң саясий өзгөрүүгө өздөрү баргандан кийин элге дагы жаңы мүмкүнүлүк беришибиз керек. Өзүңөрдүн округуңардан өзүңөрдүн тың чыкма уул-кыздарыңарды шайлап алгыла деп элге шарт дагы түзүп беришибиз керек".
Ушул жылдын башында, 19-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо боюнча жаңы мыйзам жөнүндө айтып жатып мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбой турганын белгилеген. Бирок соңку окуялар тууралуу ал азырынча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров парламенттеги өзүн-өзү таркатуу демилгесине азырынча үн катпай турат.
Деген менен депутат Исхак Масалиев бул сунуш Ак үйдөн келди деп эсептейт:
Исхак Масалиев.
"Кайсы бир депутат өзүнүн ишин жетиштүү эмес деп эсептесе анда өзүнүн арызын жазып кетсе болот эле да. Ошол демилге көтөргөн 32 мырза-айымыбыз өздөрү арызын жазып, мандатын тапшырып койсо болот эле. Тизмеде алардан кийин дагы адамдар бар да. Булар көпчүлүктүн укугун кордоп жатат. Алардын парламентти таратыбыз деген негиздемеси жетиштүү эмес. Эми мыйзамда андай мүмкүнчүлүк бар жана ал мүмкүнчүлүк кандай учурда колдонулат. Эгерде бийлик бутактары ортосунда карама-каршылык түзүлүп калса же мамлекетибизде оор коркунуч жаралса мейли эле. Президенттик шайлоого ыңгайсыз болуп калат, бул жакшы эмес деген негиздеме. Президенттик шайлоо үчүн парламент өзүнүн тагдырын чечкени туура эмес. Келгиле анда президенттик шайлоонун мөөнөтүн мыйзам менен өзгөртүп коелу. Тилекке каршы негиздеме, 30дан ашык адамдын колу бар. Чечим ишке ашат. Бул эми кезектеги президенттин күчүн көрсөтүүсү. Бул демилгени 32 депутаттын арасынан бирөө дагы өз демилгеси менен жазган эмес. Президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнөн түшкөн кат. Ошого депутаттар айла жок кол коюп жатат".
Дагы караңыз Мандатын тапшыргандар. Жогорку Кеңештин иши жана коомдогу сын
Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды көп учурда талкуусуз кабыл алды жана мындан улам президенттик башкаруудагы парламент бир топ сын-дооматка кабылды. Депутат Чолпон Султанбекова айрым жагдайларды системанын өзгөргөнү менен байланыштырды:
"Мурда парламенттик башкаруу формасында болчубуз, анда биз курч болчубуз. Анда биз министрлерди, премьер-министрлерди чакырчубуз. Анча-мынча маселелерде керек болсо президентти дагы чакырчубуз. Азыр болсо башка система. Кыргызстанда эле эмес, азыр дүйнө жүзүндө жаңы эрежелер болуп жатат. Элдин каалоосу дагы ошондой болуп жатат. Президент өзү башкарсын, биз баарын ошол президенттен сурайбыз деп жатышат. Анан калса депутаттардын дагы ыйгарым укуктары азайды. Азыр бир дагы өкмөттүн мүчөсүн иштен ала албайбыз. Сунуш беришибиз мүмкүн, аны кабыл алабы же албайбы, ал да маселе. Мисалы өкмөт башчынын орун басары боюнча биз эки жолу сунуш бердик, бирок ал нерсе жасалбай калды. Ушундай маселелер көп да",-деди Султанбекова.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Жогорку Кеңештин азыркы VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана бир мандаттуу 36 округдан шайланып келген депутаттар түзөт.